Slovenia Nations Cup. Кыргызстандын футболисттери (U-18) Исландияга утулуп калды

11:02, 07 сентября 2023, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы Словениянын Любляна шаарында 6-12-сентябрда өтө турган Slovenia Nations Cup эл аралык турнирине катышып жатат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу социалдык тармактарда билдирди.

Мирлан Эшеновдун тарбиялануучулары биринчи күнү Исландия курамасына 0:1 эсебинде утулуп калышты.

Фото

Турнирге Казакстан, Кыргызстан, Португалия, Мексика, Исландия, Словения, Сауд Арабия жана БАЭ командалары катышууда.

Кыргызстандыктар БАЭнин (9-сентябрь) жана Сауд Арабиянын (12-сентябрь) курама командалары менен ойнойт.