Чек арада каза болгон Махаматжан Мапаевдин ысмы Баткенде көчөгө ыйгарылды

17:48, 06 сентября 2023, Бишкек - 24.kg

Чек арада каза болгон аскер кызматкери Махаматжан Мапаевдин ысмы Баткен шаарындагы көчөлөрдүн бирине ыйгарылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине облустук администрация билдиришти.

Махаматжан Мапаев 2022-жылы 16-сентябрда Тажикстандын кол салуусунда каза болгон. 42 жаштагы аскер кызматкеринин артында төрт баласы калды.