Бишкектин тургуну марихуана менен кармалды

15:30, 06 сентября 2023, Бишкек - 24.kg

Бишкектин тургунунун унаасынан «марихуана» баңгизаты табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек-Торугарт жолунда «Тайота Авенсистин» унаасын токтотуп, текшергенде багажнигинен 3 килограмм 85 грамм салмагындагы кургатылган марихуана табылган.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган айдоочу 39 жаштагы С.Р. андан ары иликтөө үчүн тергөө кызматына жеткирилди.