00:50
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Кыргызстанда кызамык менен ооругандардын саны 2 миңге жетти

Кыргызстанда кызамык оорусунун мезгилдик күчөшү катталды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында кошумча бөлүмдөр ачылды. Дарыгерлердин айтымында, жаңы бейтаптардын түшүшү уланып жатат. Алар эмделбегендер жана бир жашка чейинки балдар. Жалпысынан Кыргызстанда 2 миңге жакын кызамык менен ооругандар катталды.

Бүгүнкү күндө ооруканада 52 бейтап дарыланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар