06:42
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Өзбекстандын жана Тажикстандын эл артисти Шерали Жураев дүйнө салды

Өзбекстандын эл артисти, ырчы, обончу жана композитор Шерали Жураев 76 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу «Өзбекконцерт» билдирди.

Шерали Жураев 1947-жылы 12-апрелде Анжиян облусунун Ленин (азыркы Асака) районунда туулган. 1966-1971-жылдары Маннон Уйгур атындагы Ташкент мамлекеттик искусство институтунда окуган. 1990-1995-жылдары Өзбекстан парламентинин Кеңешинин депутаты болгон.

Ал миңден ашык ыр жазып, өзбек элинин белгилүү акындарынын ырларын обонго салган. «Тарых ырдайт» аттуу театралдык концерттин автору.

Шерали Жураев 50 жылдан ашык чыгармачылык жолунда 600гө жакын ыр жараткан.

1981-жылы Шерали Жураевге Эмгек сиңирген артист, 1987-жылы Эл артисти наамдары ыйгарылган. 2018-жылы Тажикстандын Эл артисти наамын алган.

2022-жылдын апрель айында президент Шавкат Мирзиёев артистти 75 жылдык мааракесине карата «Эл-юрт хурмати» ордени менен сыйлаган.

Шерали Жураев 1993-2016-жылдар аралыгында чоң концерт койгон эмес, анын ырлары радио, теледен берилбей калган. Жураевди сахнадан кетирүүгө «жогору жактан буйрук» болгону айтылып келген. Шавкат Мирзиёев президент болгондон кийин ага чоң сахнага кайтууга уруксат берилген.

Эң көп окулган жаңылыктар