Ноокенде тургун айылдаштарына ок чыгарып, өспүрүм каза болду

17:42, 04 сентября 2023, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда октон жаракат алган өспүрүм каза болду. Бул тууралуу аймактын Ички иштер башкармалыгы билдирди.

Окуя 25-августтан 26-августка караган түнү Шайдан айылында болгон. Айыл тургундарынын бири почта бөлүмүнүн алдына чогулган балдарга мергенчилик мылтыктан ок чыгарган. 15 жаштагы өспүрүм башынан тийген октон улам каза болду.

Окуя Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча Ноокен РИИБнин кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталган. Кылмыш иши козголду.

Шектүү Шайдан айылынын тургуну. Ал эки айга камакка алынды.