Опузалап пара талап кылууга шектелген блогер кармалды

15:21, 04 сентября 2023, Бишкек - 24.kg

Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкеринен акча опузалаган блогер кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, А.Жумагулова Чүй облусунун Сокулук айылындагы мейманканалардын биринин аймагында кызматтык унаанын жүргөндүгү боюнча видеороликти таркатам деп коркутуп, Чүй облустук ИИББ ЖКККББнын кызматкеринен 60 миң сом талап кылган.

УКМКнын басма сөз кызматы. Кармалган жаран
УКМКнын басма сөз кызматы. Кармалган жаран

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголуп, блогер убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.