USD87.45EUR98.34RUB1.04
24.kg

Егерлердин айлык акысын 50 пайызга көтөрүү сунушталды

12:05, 04 сентября 2023, Бишкек - 24.kg

«Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө» мыйзам долбоорду кароо учурунда депутат Жалолидин Нурбаев егерлердин айлык акысын эки көтөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

«Айлана-чөйрөнү коргоо мекемесинин кызматкерлеринин (егерлердин, аңчылардын, инспекторлордун) эмгек акысынын аздыгын эске алуу аркылуу өндүрүлгөн суммадан 30%дан 50%га чейин аларга дем берүүнүн деңгээлин жогорулатуу сунушталууда. Бул сапаттуу коргоону жүзөгө ашырууга, Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарынын ченемдерин бузулушун азайтууга мүмкүндүк берет», — деди депутат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18