10:05
USD 85.80
EUR 93.14
RUB 0.88

Ошто Көкбөрүдөгү чырдан кийин тогуз кишиге иш козголуп, бешөө эки айга камалды

Ошто Көкбөрү оюнунда чыккан башаламандыктан кийин беш киши эки айга камалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Жалпысынан жаңжалга катышкан 65 киши суракка алынды. Алардын ичинен 9 адамга Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык» беренеси менен иш козголуп, Кара-Суу райондук соту беш кишини эки айга камакка алды. Убактылуу кармоо жайда отурган дагы төрт адамдын бөгөт чарасы 4-сентябрда каралат.

Калган 56 кишиге Укук бузуулар жөнүндө кодекстин «Майда бейбаштык» беренеси боюнча протоколдор түзүлүп коё берилген. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекеме чогултулган видео тасмалардан окуяга катыштыгы барларды тактоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Оштогу Төлөйкөн ат майданында 31-августта — өлкөнүн эгемендик күнүндө президенттин кубогу үчүн көкбөрү мелдешинин соңунда чыр чыккан.

Эң көп окулган жаңылыктар