Бишкекте коомдук транспорт маселеси курч социалдык көйгөйлөрдүн бири. Автобус жана троллейбус жетишсиз болгондуктан жүргүнчүлөрдү негизинен жеке ишканаларга таандык маршруттук кичи автобустар тейлейт. Алар экологияны бузуп, жол коопсуздугуна коркунуч жаратып жатканы, шаарда муниципалдык автобустар көбүрөөк болушу керектиги көптөн бери айтылып келет.
Жакында борбор калаага Кытайдын сатып алынуучу 1000 автобустун алгачкы 25и келген. Газ менен жүрүүчү бул автобустардын 500ү быйыл, калганы 500ү келерки жылы ташылып келери айтылган.
Бишкекте муниципалдык автобус айдаганга 1500 айдоочу керек болуп жатканын, алардын айлык маянасы 50 миң со