19:21
USD 87.45
EUR 94.92
RUB 1.03

«Акылман» лицейинин бүтүүчүлөрү мамлекеттик кызматка тартылат

Ысык-Көл облусунда ачылган мамлекеттик «Акылман» лицейи келечекте мамлекеттик кадрдык резервди түзүүчү бүтүрүүчүлөрдү окутат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.

Анын айтымында, лицейдин бүтүрүүчүлөрү жогорку окуу жайларды аяктагандан кийин мамлекеттик кызматка тартылат.

«Уыргызстан Эгемендүүлү алгандан бери кадр даярдоо дегенди унутуп койгон. Тааныш-билиш, тууган-урук, жердешчилик жакка ооп кеткенбиз. Илгерки союз мезгили эсиңердеби? Кадрларды биринчи тепкичтен баштап даярдачу. Биз фундаментинен баштап даярдайлы деп жатабыз. Ошондо гана Кыргызстандын келечегин бир кылым алдын ала көрө билген, келечегин аныктай ала турган кадрларды даярдап чыгабыз. Бул биздин мамлекеттин келечеги үчүн абдан маанилүү», — дейт президент.

Садыр Жапаров 22-кылымдын кадрларын даярдоо максатын көздөп жатканын белгилейт.

«Кечээ эле эгемендигибиздин 32 жылдыгын белгиледик. Келечекте Кудай буюрса 100 жылдыгын дагы белгилейбиз. Ошондо бүгүнкү кадрлар аба менен суудай керек болот. Келечегибиз кайсы мамлекеттер менен болот экенин жүз жыл алдын ала аныктап турушат. Учугубузду улап кетишет. Биз сөзсүз көздөгөн максатыбызга жетебиз. Ал үчүн баарыбыз тынымсыз күнү-түнү дебей эмгектенишибиз керек», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар