Мектеп окуучулары менен бирге бүгүн депутаттар дагы ишин баштады

11:42, 01 сентября 2023, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясынын ачылышы болду.

Төрага Нурланбек Шакиев парламенттин сессиясын ачык деп жарыялап, өлкө гимни жаңырды.

Эске салсак, Конституциянын 83-беренесине жана Жогорку Кеңештин Регламентинин 32-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары жыйналыш түрүндө сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин өткөрүлөт.