Садыр Жапаров: Кыргызстандан футболдун дүйнөлүк легендалары чыгаарына ишенем

11:41, 01 сентября 2023, Бишкек - 24.kg

«Барселона» футбол академиясынын ачылышы Кыргызстаныбыз үчүн келечекте жемиштүү болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.

Анын айтымында, академиянын жыйынтыгы 10-15-жылда көрүнөт.

«Азыркы өсүп келе жаткан өспүрүмдөрүбүз арасынан сөзсүз дүйнөлүк деңгээлдеги легендалар чыгаарына толук ишенем. Биз аларга азыртадан баштап даңгыр жол салып берип жатабыз. Арканды алыс ташташыбыз керек», — дейт президент.