USD87.45EUR98.08RUB1.04
24.kg

Бишкекте мыйзамсыз иш алып барган унаа жуучу жайдын иши токтотулду

16:38, 30 августа 2023, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарынын Медеров жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Лейка» унаа жуучу жайы жабылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Бишкек шаардык Биринчи май райондук прокуратурасынан билдирди.

Маалыматка караганда, унаа жуучу жайы архитектуралык-шаар куруу мыйзамдардын талаптарын одоно бузуу менен иш алып барыган. Алардын курулушка жана иштөөгө уруксат кагазы дагы болгон эмес.

«Архитектуралык-курулуш контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишмердүүлүктү жүзөгө ашырууга бир нече жолу тыюу салынгандыгына, ошондой эле, өз билемдик менен курулган объектини бузуу жөнүндө сотко доо арыз берилгендигине карабастан аталган унаа жуучу жай ишин улантып келген», — дейт прокуратура.

Унаа жуучу жай шаардын электр жана суу менен камсыздоо тутумдарынан ажыратылып, иши токтотулду.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18