Унааны тазалаңыз. Эгемендүүлүк күнүнө карата милиция Оштун тургундарына кайрылды

11:51, 30 августа 2023, Бишкек - 24.kg

Эгемендүүлүк күнү мамлекеттик денгээлде Ош шаарында өткөрүлөт. Ага байланыштуу Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы жергиликтүү тургундарга кайрылуу жолдоду.
 
Милициянын маалыматында, 31-август күнү миӊдеген коноктордун келиши күтүлөт. Ички иштер башкармалыгы айдоочуларды жолдо жүрүүнүн эрежелерин бекем сактоого чакырат.
 
«Аавтоунааӊыздарды таза кармаӊыздар, зарылчылыгы жок болсо-автосигналдарды баса берүүдөн оолак болуӊуздар. Келген конокторго, жүргүнчүлөруӊүздөргө сылык мамиле жасоону унутпаӊыздар. Мүмкүнчүлүк болсо жеке автоунааӊыздарды бир күн айдабастан, үйдө токтотуп турсаӊыздар-шаарыбыздагы тартипке кошкон салымыӊыздар болот эле», — дейт милиция.