12:09, 29 августа 2023, Бишкек - 24.kg
Түркия, БАЭ жана Сербия бархат мезгилинде туристтик багыттар боюнча Кыргызстандан эң көп изделген өлкөлөр болду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Aviasalesтин маалымат кызматы билдирди.
Билеттердин эң арзаны - Бишкек - Абу-Даби каттамы боюнча. Билет баасы орточо 7 миң 809 сомду түзөт, бул жайкы сезонго салыштырмалуу 42 пайызга арзан. Стамбулга дагы билеттин баасы 8 пайызга төмөндөгөн. А эми Белградка сентябрь айында 29 пайыз арзандатуу менен барса болот.
Күз айынлайында кыргызстандыктар арасында эң популярдуу каттамдар Москва, Красноярск жана Санкт-Петербург болушу күтүлөт. Билеттин орточо баасы 13 миң 249 сомду түзөт. Бул багыттардын ичинен Красноярскка саякат чөнтөккө эн ыңгайлуу — билет баасы 9 миң 592 сом. Санкт-Петербургга брондолгон көпчүлүк рейстер учак алмаштыруу менен болгондуктан, орточо билет 18 миң 309 сом турат.
Өткөн жылдын сентябрь айына салыштырмалуу Москвага билеттер 20 пайызга, ал эми Санкт-Петербургга 26 пайызга аз сатылган. Бирок Казань жана Новосибирск шаарыларына талап 92 жана 22 пайызга өскөн.