15:53, 28 августа 2023, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандын мектептерине 300 мугалим жетишпейт. Бул тууралуу август айындагы салттуу конференцияда Билим берүү министри Каныбек Имналиев билдирди.
Маалыматка ылайык, 2020-жылы жалпы билим берүү мекемелерине 3 миң мугалим жетишпесе, быйыл алардын саны 300дү түздү. Министр мектептерге кадрларды тартуу уланып жатканын айтты.
Каныбек Иманалиев алскы айылдарда информатика жана англис тили мугалимдеринин тартыштыгын мисал кылды.
Ошондой эле, ал жаш муундун мугалимдик кесипке болгон кызыгуусу өскөнүн белгиледи. 2023-жылы педагогика тармагына барууну каалагандардын саны 12 пайызга өстү.