04:09
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Жарым жылда кыргыз жарандарынын Россияга агымы 45 пайызга көбөйдү

Россиянын ички иштер министрлиги биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандан келген жарандардын саны кыйла көбөйгөнүн белгиледи. Бул тууралуу журналисттерге ИИМдин миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын орун басары Юрий Конобеевский билдирди.

Ал Россия квалификациялуу адистердин келишине кызыкдар экенин, ал эми мигранттардын 57 пайызы жумушка келгенин кошумчалады.

2023-жылдын алгачкы алты айында эле Кыргызстандын жарандарынын Россияга агымы 45 пайызга көбөйүп, 460 миң адамды түзгөн. Алардын 57 пайызы жумушка келген.

Мындан тышкары, Орусияда жашап турууга уруксат алган кыргыз жарандарынын 11 пайызга өсүшү байкалууда.

«Биздин өлкө ар кайсы тармактардан кесипкөй адистердин келишине кызыкдар», — деп белгиледи ИИМдин өкүлү.

Юрий Конобеевскийдин маалыматы боюнча, миграциялык каттоого жалган туруу фактыларынын саны акыркы мезгилде азайган.

«Көрүлгөн чаралар акыркы мезгилде жалган каттоого туруу фактыларын азайтууга мүмкүндүк берди, анын ичинде бул Кыргыз Республикасынын жарандарына тиешелүү. Саны азайып баратат», — деди ал.

Ал Россиянын Ички иштер министрлигинин иш-аракеттери миграциялык каттоо маселесинде чет өлкөлүк жарандардын укуктарын кысымга алынуусун алдын алууга багытталганын билдирди. Мындан тышкары, анын айтымында, кызматтардын бир бөлүгү электрондук түрдө ишке ашырылып жатат, алардын саны дагы өсөт, бардык федералдык бийлик органдары буга багытталган.

Эң көп окулган жаңылыктар