10:02, 25 августа 2023, Бишкек - 24.kg
Бишкектин Биринчи май райондук соту журналист Олжабай Шакирдин бөгөт чарасын карады.
Адвокат Бакыт Автандилдин айтымында, сот журналистти 20-октябрга чейин камакка алды.
«Журналист УКМКнын тергөө абагында кармалат. Биз соттун чечими негизсиз жана мыйзамсыз деп эсептейбиз. Олжобай Шакир өзү сотто бийликти кулатууга аракет кылбаганын, болгону тынч митингге чыгууга чакырганын айткан. Биз соттун чечимин жогорку инстанцияга даттанабыз», — деди Бакыт Автандил.
Эске салсак, журналист Олжабай Шакирди УКМКнын кызматкерлери кармашкан. Ал укук коргоо органдарынын кызматкерлерине активдүү баш ийбөөгө чакыруу, массалык башаламандык жана бийликти басып алууга аракет жасаган деп айыпталууда.
Буга чейин Олжобай Шакир жарандарды митингге чыгууга чакырган. Ал 31-августта нааразылык акциясын уюштурууну демилгелеп жаткан. Журналист Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты Өзбекстанга өткөрүп берүүгө каршы экенин билдирген