09:48, 25 августа 2023, Бишкек - 24.kg
Юстиция Министрлиги адвокаттардын II съездинде айтылган президенттин тапшырмасын аткарды.
Министрлер кабинетинин токтому менен мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында иштеген адвокаттарга акы төлөөнүн жаңы тарифтери бекитилди.
Мисалы, кылмыш иши боюнча шектүү кармалган учурдан тартып сотко чейин коштогондугу үчүн эски тарифтер боюнча адвокаттар 15 миң сомдун тегерегинде алышчу. Жаңы токтомго ылайык, жогорудагы баскычтарга катышуу үчүн адвокат 30 миң сомдон 35 миң сомго чейин алат.
Токтомдун негизги максаты:
Эске салсак, адвокаттардын II съездинде президент калктын аярлуу катмарына квалификациялуу жардам көрсөткөн юристтердин айлыгын көтөрүү тапшырмасын берген.
Бүгүнкү күндө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү акысыз адвокат менен камсыз кылуу мамлекеттин көзөмөлүндө.
Адвокаттардын мамлекеттик реестринде жалпы 3 миң 769 адвокат катталган, анын ичинен мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасындагы адвокаттардын реестринде болгону 441 адвокат иштейт.