Виза үчүн 4 миң доллар алган. Пакистандын жараны алдамчылык үчүн кармалды

16:10, 24 августа 2023, Бишкек - 24.kg

Бишкекте Пакистандын жараны алдамчылык үчүн кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-августта милицияга Пакистандын жараны кайрылган. Ал мекендеши Кыргызстанга чакырып, жумушчу визасын алып берүүнү убада кылганын айткан. Бул үчүн ал 4 миң доллар алган.

Фото Свердлов районунун ИИБи. Шектүү

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси «алдамчылык» менен кылмы иши козголду.

Шектүү катары 33 жаштагы Пакистандын жараны кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.