10:53, 24 августа 2023, Бишкек - 24.kg
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Белорусиянын премьер-министринин орун басары Анатолий Сивак менен жолукту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, эки тараптуу кызматташуу аркылуу дагы, интеграциялык өз ара аракеттенүү аркылуу дагы мамлекеттер арасындагы мамилелерди куруу боюнча олуттуу иштер аткарылууда.
Кыргыз делегациянын башчысы өз ара сооданын көлөмү жыл сайын өсүп жатканын белгиледи. Алсак, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча өз ара сооданын көлөмү 110 млн доллардан ашуун сумманы түзсө, үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында 45 млн суммага жакын долларды түздү. Бул эсептер жогорку көрсөткүчтөргө жетишүү мүмкүндүгүн берет.
Өз кезегинде Анатолий Сивак Кыргызстан убакыт сынагынан өткөн дос экенин белгилеп, белорус тарап эки тараптуу кызматташууну мындан ары активдештирүүгө даяр экенин билдирди.
«Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен инфраструктуралык жана кызматташтык долбоорлорун ишке ашыруу, бул багыттар боюнча өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкты бекемдөө максатында өнөр жай, транспорт жана логистика боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын алдында жумушчу топторду түзүүнү макулдашышты», — дейт мекеме.