17:34, 23 августа 2023, Бишкек - 24.kg
Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолунун 239-чакырымында жер көчкү жүрүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Жеринде «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын жол тейлөө мекемесининин кызматкерлери жана эки жүктөгүч, автогрейдер иштеп жатат.
«Жалпы көлөмү болжол менен кубдан ашкан жер көчкүсү бүгүн эртең менен саат 09:00дор чамасында жүргөн. Азыркы тапта да жер көчкү акырындан жылып жатат. Толук кандуу жумуштар көчкү токтогондо жүрөт. 23-август кечки саат 18:00дор чамасында бир тараптуу жол берилери болжолдонууда», — дейт мекеме.