12:35
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Казакстан чек арада эч кандай чектөөлөр киргизилбегенин билдирди

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы өткөрүү бекеттеринде мыйзамсыз ишмердүүлүккө каршы иш-чараларды жүргүзүп жатат. Бул тууралуу социалдык тармактарда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөрүү бекеттеринде эч кандай чектөөлөр киргизилген эмес. Өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп, текшерүү убактысы боюнча регламенттик ченемдер бекем сакталып жатат.

«Автотранспортторду өткөрүү сезонго мүнөздүү суткалык көрсөткүчтүн чегинен ашкан жок. Анын ичинде казак-кыргыз чек арасында дагы», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, «Ак-Тилек» өткөрүү бекетинин алдында Кыргызстандан чыгууга кезекте 430га жакын унаа турат.

Өткөн сутка ичинде Казакстандан Кыргызстанга 274 автоунаа кирген.

Кыргызстан эч кандай чектөө киргизген эмес жана өткөрүү пункту күнүмдүк режимде иштеп жатат. Казакстандын бийлиги тыгындын себебин баңгизатка каршы операция жүргүзүлүп жатканы менен түшүндүрдү.

Эң көп окулган жаңылыктар