11:46, 23 августа 2023, Бишкек - 24.kg
Ош облусунун Кара-Суу районунда жаран эки килограмм баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу облустун ИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 15-августта Ош шаарынын 44 жаштагы тургунунун «Mersedes-Benz» үлгүсүндөгү автоунаасынан салмагы 1 килограм гашиш табылган.
Шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, эки айга камакка алынды.
Учурда тергөө-оперативдик иш-чаралар улантылууда.