Активист Өндүрүш Токтонасыровдун иши прокуратурага жөнөтүлдү

10:32, 23 августа 2023, Бишкек - 24.kg

Активист Өндүрүш Токтонасыровго козголгон кылмыш ишин тергөө аяктады. Бул жөнүндө 24.kgге адвокат Агзам Дүйшөналиев билдирди.

Анын айтымында, кылмыш иши текшерүугө Башкы прокуратурага жөнөтүлдү. Ал беш күндүн ичинде кайрадан ички иштер министрлигине материалдарды жөнөтүүгө укугу бар. Эгерде иште эч кандай боштук жок болсо, анда ал сотко жөнөтүлөт.

Эске салсак, 30-майда активист Өндүрүш Токтонасыровду белгисиз адамдар унаага салып кетишкен. Туугандары жана укук коргоочулар бир сааттан ашык анын кайда экенин таба алышкан эмес. Кийинчерээк милиция кызматкерлери тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында суракка алынып келингени белгилүү болгон. Активистке Кылмыш-жаза кодексинин «расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты (араздашууну) козгоо» беренеси боюнча айып тагылган.