Таласта жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды

16:56, 22 августа 2023, Бишкек - 24.kg

Талас облусунда жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Участоктор турак үйлөрдү курууга Калба айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары тарабынан бөлүнгөн.

«Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери» Кадастр " мамлекеттик ишканасынын Талас райондук филиалынын кызмат адамдары менен сүйлөшүп, жалпы аянты 14 гектар болгон жерд турак үйлөрдү курууга мыйзамсыз бөлүп беришкен. Тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", — деп маалымдады мекеме.