16:21
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Спикер «Тилимпоз» долбоорунун авторлоруна 200 миң сомго сертификат тапшырды

Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев «Тилимпоз» долбоорунун авторлору менен жолукту. Долбоор мамлекеттик тилди жайылтууга багытталган. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тилек Нурдинов, Нуржигит Асанов жана Муслим Таалайбек уулу баштаган жаштар социалдык тармактар аркылуу кыргыз тилин өнүктүрүүгө, мамлекеттик тилди туура колдонууга арналган иш-чараларды уюштуруп келишет.

Жолугушууда Нурланбек Шакиев демилгелүү жаштардын жасаган иштерине жогору баа берди.

«Тил — бир улуттун жаны. Тил жоголсо, улут да жоголот. Айрыкча ааламдашкан доордо эне тилибизди аздектеп, сактоо менен гана эгемен өлкө катары өнүгө алабыз. Андыктан, мамлекеттик тилди жайылтууга далалаттанган силердей жаштардын аракети колдоого татыктуу», — деди ал.

Ошондой эле, жакында кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү» конституциялык мыйзамын ишке ашырууда «Тилимпоз» өңдүү долбоорлордун мааниси чоң экенин кошумчалады.

Жолугушуунун аягында долбоорунун негиздөөчүлөрүнө 200 миң сомдук сертификат тапшырылып, төрага мындан ары да ар тараптуу колдоолорду көрсөтүп турарын убада кылды.

Эң көп окулган жаңылыктар
7-октябрь, дүйшөмбү