Айыл чарба министрлиги Казакстанга суу маселеси боюнча кайрылды

12:41, 22 августа 2023, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын айыл чарба министрлиги ММКлардагы казак чек арачылары жүк ташуучу унааларды Кыргызстан коңшу мамлекетке суу бербей жаткандыгы үчүн өткөрбөй жатат деген маалыматка жооп кайтарды.

Кечээ «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде 370 унаадан турган тыгын пайда болгон. 10 сааттын ичинде казакстан тарап үч гана фураны өткөргөн.

Айыл чарба министрлигинин алдындагы Кыргыз ирригация илимий-изилдөө институтунун директору Улан Чортомбаев социалдык тармактарда Кыргызстандын суу сактагычтарында суу жок болгондуктан берилбей жатканын жазган.

«Жаздан бери Киров жана Орто-Токой суу сактагычтарынан тынымсыз суу берип турдук. Өзбүбүздө суу калбаса дагы, милдеттенмелерибизди толук аткардык. Суу жок. Суу жок болсо силерге эмнени берели? Суу бар туруп, силерге бербей жаткандай көрбөгүлө. Азыр спутник аркылуу баарын көруп алсаңар болот», — деди ал.

2023-жылы 17-19-июлда Бишкекте Чу жана Талас дарыялары боюнча суу бөлүштүрүү маселелерин чечүү үчүн Кыргызстан менен Казакстандын өкүлдөрү жолугушуу өткөргөн. Казакстан Киров суу сактагычынан 18-июлдан 31-июлга чейин сууну 45,0 куб метрге чейин көбөйтүүнү суранган.

Мекемеден билдиришкендей, кол коюлган график боюнча Казакстан секундасына 40,0 куб метр алышы керек болчу.

Кыргыз тарап Чүй жана Талас облустарында дагы суунун аздыгына байланыштуу оор кырдаал тузүлгөнүн билдирип, Казакстанга секундасына 45,0 куб метр суу берилсе, үстүбүздөгү жылдын 1-августуна карата Казакстандын үлүшү болгону 3,54 миллион куб метрди түзөрүн, ал эми секундасына 10,0 куб метр сарпталса, 4-августка карата түгөнүп каларын маалымдаган.