16:53, 21 августа 2023, Бишкек - 24.kg
Аламүдүн районунун Арашан капчыгайында орус жараны параплан менен учуп жүрүп, кулап кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-август күнү кечинде саат 23:55те 48 жаштагы орус жараны параплан менен учуп жүрүп, кулаганы тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.
Куткаруу иштерине 4 куткаруучу тартылган. Россиянын жабыркаган жаранын тоодон алып түшүп, «Тез жардам» кызматкерлерине өткөрүп беришти.