15:58, 21 августа 2023, Бишкек - 24.kg
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев «Ааламдашуу мезгилиндеги угуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүү жашоо» эл аралык форумуна катышты.
Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, министр майыптардын укуктарын камсыз кылуу боюнча маалымат берди. Социалдык камсыздоо системасы майыптыгы бар адамдарды колдоонун ар кандай чараларын камтыйт. Анын ичине жөлөк пулдар жана компенсациялар, ар кандай кызматтарды көрсөтүү жана протездик буюмдар кирет.
«Жарым жылдан ашык убакыттын ичинде чоңдорго жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга бардык төлөмдөр 50дөн 100 пайызга чейин көбөйтүлдү. Ошондой эле жеке ассистенттин кызматы үчүн төлөм көтөрүлүп, аны былтыртан бери бала кезинен I топтогу майыптыгы бар чоңдор да ала алышат. Бүгүнкү күндө бул кызматты 13,7 миңден ашык чоңдор жана балдар пайдаланат. Психоневрологиялык пансионаттардагы тамак-аш үчүн төлөмдөрүнүн дагы өлчөмү көбөйтүлдү», — деди министр.
Бул жылы мамлекеттик социалдык заказдан каражат алып, бейөкмөт уюмдар 2000ден ашык чоңдор менен мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга түрдүү кызматтарды көрсөтөт. Бул үчүн 13 миллион сом бөлүнгөн.
«Социалдык контракт долбоору ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жашоосун жакшыртууга жардам берет. Катышуучулар өздөрүнүн бизнес-долбоорлорунан киреше алуу менен 1,4 миңден ашык чоңдор жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жашаган үй-бүлөлөрүнүн турмушун жакшырта алышат», — деди Кудайберген Базарбаев.