Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.
Сапардын алкагында Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кыргыз-венгер стратегиялык өнөктөштүгүнүн маселелерин, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүнү талкуулады.
Ошондой эле, чет өлкөлөрдүн башка лидерлери менен бирге Венгриянын улуттук башкы майрамын белгилөө иш-чараларына жана жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионатынын эркектер арасындагы жарышынын финалына катышты.
Мамлекет башчысы 21-августта Бишкек шаарына кайтып келди.