Нарында УКМКнын кызматкерине пара берүүгө аракет кылган жарандар кармалды

11:42, 21 августа 2023, Бишкек - 24.kg

УКМКнын кызматкерине ири өлчөмдө пара берүү учурунда Кочкор районунун Сары-Булак айыл аймагынын башчысы жана Кочкор районунун Кара-Суу айыл аймагынын башчысынын орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, паранын суммасы 125 миң сомду түзөт.

«Эки кызматкер тең Кочкор районунун Кара-Суу айыл аймагындагы жеке турак үйлөрдү курууга мыйзамсыз жер тилкелерин берүү фактысы боюнча шектүү катары өтүп жатышкан. Ошол эле күнү кармалгандар Нарын облусунун ИИБнин убактылуу кармоо жайына киргизилди», — деп билдиришти мекемеден.