07:17
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Казакстандык Айна Калмаганбетова «Мейкин Азия» фестивалында Гран-приге ээ болду

Казакстандык катышуучу Айна Калмаганбетова «Мейкин Азия» эл аралык фестивалында Гран-приге ээ болду. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, биринчи орунду кыргызстандык ырчы Руслан Асанкан жана Түндүк Кипрдан келген Бегюм Текакпынар багындарды.

Ал эми экинчи орунду өзбекстандык Сарвиноз Камалова жана Түндүк Македониянын атынан катышкан Наде Талевска ээледи.

Үчүнчү орунду казакстандык Адилхан Макин жана кыргызстандык Касиет Идирисова алды.

Фестивалдын атайын байгесине Түркия Республикасынан келген Жечер Аксой татыктуу болду.

5 миң доллар өлчөмүндөгү фестивалдын баш байгесин Гран-при ээсине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тапшырды.

Биринчи орунду алгандарга статуэтка жана дипломдон тышкары 3 миң доллар, экинчи орунга 2 миң доллар жана үчүнчү орунду ээлегендерге 1 миң доллар акчалай сыйлык тапшырылды.

Сынакка Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Венгрия, Түркия, Түндүк Кипр, Босния жана Герцоговина, Россия, Түндүк Македония, Словения жана Сербия мамлекеттеринен келген 18 жаштан 35 жашка чейинки 16 жаш эстрада ырчылары катышты.

Эң көп окулган жаңылыктар