15:48, 18 августа 2023, Бишкек - 24.kg
Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине өлкөдөгү айрым маалымат каражаттары аны сынга алганы боюнча комментарий берди.
Анын айтымында, мурда сайттар «Кумтөр», «Мегаком», «Манас» аэропортунан реклама үчүн акча алып турушкан.
«Мен бийликке келерим менен токтотуп койгом. Эмне үчүн жеке сайттарды мамлекеттик ишканалар багыш керек? Алды 20 миллион сом, арты 2-3 миллион сомдон жылына алышчу экен. Элдин, мамлекеттин акчасы эл үчүн иштеш керек деп кесип салгам. Ошол күндөн ушул күнгө чейин алардын баары мени жек көрүшөт. Ошол үчүн жакшы иштерди көрүшсө дагы көргүлөрү келбейт. Мен аларга көңүл деле бурбайм», — деп айтты Садыр Жапаров.
Белгилей кетсек, мамлекеттик компаниялар өз демилгеси менен ЖМКларга маалыматтык коштоону камсыз кылууну суранып, муну жетишкендиктерди коомчулук менен бөлүшүү зарылдыгы менен түшүндүрүшкөн. Масс-медиа менен маалыматтык колдоо келишимдери 2020-жылдын күзүндө бийлик алмашкандан кийин жокко чыгарылган. Компаниялар PR кызматтардан мамлекет башчысынын администрациясынын сунуштарынан кийин баш тартууга аргасыз болушканын билдиришкен.
Журналисттик чөйрөдө мындай сунуштар жогорку кызматтагы аткаминерлерди сындаган материалдардын жарыяланышынан улам келип чыккан деп эсептешет. Бийликтегилер сындуу материалдарды дагы деле оор кабыл алышат, алар маалымат каражаттары бийликтин жетишкендиктери тууралуу жетиштүү маалымат бербей жатат деп эсептешет.
Буга чейин президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков кыргызстандыктарды туристтик сезон алдында негативдүү жаңылыктарды жазбоого чакырган. Ал билдирүүсүн Facebook барагында жарыялаган. Чиновник маалымат каражаттары «окурман топтоо үчүн трагедия, агрессия жана кылмыштар тууралуу маалымат таратышарын», ал эми айрым блогерлер «мамлекеттин аброюн түшүрүп, бул нерседен сенсация кылып жатышкандыгын» билдирген.
Белгилей кетсек, бул бийликтин ЖМКдагы терс көрүнүштөргө каршы күрөшүү боюнча биринчи аракети эмес (кылмыштуулук жана жакырчылык менен күрөшүүнүн ордуна). 2020-жылы ошол кездеги премьер-министр Кубатбек Боронов да позитивдүү жаңылыктарды жазууга чакырган, бул жарандардын психологиялык абалына таасирин тийгизет имиш.
Андан мурдарак, 2018-жылы Акылбек Жапаров ал кезде Жогорку Кеңештин депутаты болуп туруп, чет элдик туристтерди Кыргызстанга тартуу үчүн орус тилинде интернетте терс жаңылыктарды жарыялоого тыюу салууну сунуштаган.