Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна болгон жумуш сапарынын алкагында бир катар өнөр жай жана өндүрүш ишканаларына барды. Бул тууралуу мекменин басма сөз кызматы билдирди.
Акылбек Жапаров Үрүмчү шаарындагы «Синьцзян Хуалин» корпорациясында болуп, ага караштуу эт комбинатынын иши менен таанышты.
Завод толугу менен санариптештирилип, мал союу жана даяр продукцияны тоңдуруу үчүн заманбап жабдуулар менен жабдылган.
Ошондой эле, «Синьцзян Хуалин» корпорациясынын башкармалыгынын төрагасы Ми Эньхуа менен сүйлөшүүлөр өткөрүлдү. Министрлер кабинетинин төрагасы Кыргызстан Кытайдан инвестиция тартууга кызыкдар экенин жана айыл чарба, мейманкана, логистика, курулуш, кыймылсыз мүлк, соода тармагында кызматташууну арттыруу үчүн бардык шарттарды түзүүгө даяр экенин белгиледи.
«Мал чарба комплексине, тамчылатып сугаруу тармагына жаңы технологиялар үчүн келдик. Климаттын өзгөрүшү, планетанын калкынын өсүп жатышы таза жана туруктуу энергия маселесин жаңыча көтөрүүдө. Биз суунун башында турган өлкө катары бул жаатта кызматташууга кызыкдарбыз», — деди ал.
Корпорациянын төрагасы кызматташууга даяр экенин айтып, Кыргызстанды айыл чарба, энергиянын кайра жаралуучу булактары, гидроэнергетика жана логистика тармагында кызматташуу боюнча потенциалдуу өнөктөштөрдүн бири катары карай турганын билдирди.