03:17
USD 87.45
EUR 97.93
RUB 1.09

Август башынан бери Кыргызстанга 14,9 миң тонна айыл чарба продукциясы кирди

4-августтан тарта Кыргызстанга 14 миң 970 тонна айыл чарба продукциясы импорттолду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусуна 11 миң 346 тонна продукция импорттолуп, анын ичинен дан эгиндери Россия, Казакстан, Пакистан өлкөлөрүнөн алынып келинген.

Жалал-Абадка бул жумада 488 тонна коон, 111 тонна сабиз Өзбекстан, 282 тонна буудай Россия өлкөлөрүнөн сатылып алынган.

Баткен облусуна импорттолгон продукциялардын көпчүлүк бөлүгүн жемиштер түзөт. Өзбекстандан 532 тонна жемиш келген. Ал эми Нарынга жалпысынан 862 тонна айыл чарба продукциясы импорттолгон. Алардын ичинен 326 тонна жаңгак Кытайдан алынып келинген.

Талас облусуна 227 тонна ун, 36,3 тонна коон, 2 тонна дарбыз Казакстандан импорттолгон.

Эң көп окулган жаңылыктар