ЕАЭБ өлкөлөрүнүн борбор шаарларынын арасында эң төмөн айлык акы Бишкекте

12:36, 17 августа 2023, Бишкек - 24.kg

Евразия экономикалык биримдигиндеги өлкөлөрдүн борбор шаарларынын арасында эң төмөн айлык акы Бишкекте экени аныкталды. Бул маалыматтарды Улуттук статистика комитети билдирди.

Бишкектеги орточо айлык акы 499,3 доллар болсо, бул көрсөткүч Москвада 1 миң 578 долларды түзөт. Башкача айтканда, Бишкектеги орточо маянадан үч эсе көп. Минскте адамдар 875,1 доллар алса, Астанада орто эсеп менен 1 миң 28,6 доллар алышат.

Улуттук статистика комитети Армения жөнүндө маалымат берген эмес.

Кыргызстандагы орточо маяна жогорудагы көрсөткүчтөн дагы төмөн. Июнь айынын жыйынтыгында 31 миң 994 сом же 366,8 долларды түзгөн.