Жарым жылда Кыргызстан Өзбекстанга 390 миң тонна көмүр экспорттогон

09:30, 17 августа 2023, Бишкек - 24.kg

2023-жылдын январь — июнь айларынын аралыгында Кыргызстан Өзбекстанга 390 миң 54 тонна көмүр экспорттогон. Бул маалыматтарды Улуттук статистика комитети жарыялады.

Экспорттон түшкөн акчанын суммасы 12 миллион 120,6 миң долларды түздү. Ал эми Румынияга 4,4 миллион долларга 64,5 миң тонна кара алтын экспорттолуп, экинчи сапта жайгашты. 2,1 миллион долларга 37,2 миң тонна көмүр сатылган Нидерланды үчүнчү орунда турат.

Жалпысынан өлкөдөн 6 айда 540 миң 211,1 тонна көмүр чыгарылып, 21,8 милилон долларга сатылган.