USD87.45EUR98.04RUB1.04
24.kg

Имам 28 жаштагы жаран менен жашы жете элек кыздын никесин кыйган

16:08, 16 августа 2023, Бишкек - 24.kg

Аламүдүн районунда айылдын имамы жарандын жашы жете элек кыз менен никесин кыйгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ШИИБи билдирди.

Маалыматка ылайык, 63 жаштагы имам 17 жаштагы жашы жете элек кыз менен 28 жаштагы жарандын никесин кыйгандыгы аныкталган.

Кармалган жаран

Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренеси (Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Имам убактылуу кармоо жайына киргизилип, кийинчирек сот аны үй камагына чыгарган.

Кылмыш иши соттук кароого жөнөтүлдү.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика