15:16, 16 августа 2023, Бишкек - 24.kg
Президент Садыр Жапаров өзүнүн Facebook баракчасында тазалыкты сактоого чакырып, видео жарыялады. Бишкек — Ош жолунда улгайган апанын таштанды чогулткан тасмасын буга чейин социалдык тармактардын колдонуучулары бөлүшкөн.
«Балдарым, таштанды таштабагыла. Президент айтып жатат, тазалык керек. Көк-Бел ашуусундагы Бишкек — Ош жолунда терип жатам. Кыздарым, уулдарым, уят болот. Тазалыкты сактагыла», — деп айткан чоң апа.
Белгилей кетсек, буга чейин өлкө башчысы бир нече жолу кыргызстандыктарды Ысык-Көлдө эс алуу учурунда жана анын айланасында тазалыкты сактоого чакырган. Ал «Улуттук тазалык күнү жөнүндө» жана «Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыктарга кол койгон. Ошондой эле, «Таза мурас» программасын өткөрүү боюнча иш-чаралар планы иштелип чыккан.