07:01
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

«Кумтөр» компаниясы Тоголок алтын кенин иштетүү укугун алды

ЖАК «Кумтор Оперейтинг Компани» Тоголок алтын кенин иштетүүгө укук алды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 4-августта кол койду.

Алтын кен Жети-Өгүз районунда Ысык-Көл облусунун Кытай менен чектешкен жеринде жайгашып, 42,2 гектар аянтты ээлейт.

Ошондой эле, компанияга Жангарат алтын кенинде геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө уруксат берилди. Ал Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жайгашып, аянты 10 миң 379,8 гектарды түзөт.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине лицензияларды берүү тапшырылды.

«Кумтөр» кенинен 30 чакырым алыстыкта Тоголок алтын кени жайгашкан. Ал жерде болжол менен 100 тонна алтын бар. Биз изилдөө иштерин жүргүзүп, аны да кошобуз. Мындан тышкары, Таласта Андаш, Талды-Булак, Нарында Жетим-Тоо кендери бар. Ошондой эле, Бала Чычкан ири кени бар. Мен долбоордун менеджеримин. Биз чет элдик команданы чакырып, бул жердеги мыктыларды чогултуп, аларды иштетүүгө ниеттенип жатабыз«, — деп буга чейин «Кумтөрдүн» мурдакы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар