10:54, 16 августа 2023, Бишкек - 24.kg
2023-жылдын январь айынан июнга чейин Кыргызстан 2 миллиард 104,1 миллион киловат саат электр энергиясын сатып алган. Мындай маалыматтарды Улуттук статистика комитети келтирди.
Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 513,3 миллион киловатт саатка өскөн. Эң көп электр энергиясы Түркмөнстандан импорттолгон — 1 миллиард 7,5 миллион киловатт саат. Мындан тышкары, республика 667,5 миллион киловатт саат Казахстандан, 283,4 миллион киловатт саат Россиядан, 145, 6 миллион киловатт саат Өзбекстандан сатып алган.
Демек, бир киловатт орто эсеп менен 2,4 сомго бааланган. Ошол эле учурда, Түркмөнстан жана Казахстандан электр энергиясы 2,6 сомдон, Россиядан 2,09 сомдон сатылып алынган.