00:17
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Ысык-Көлдө эс алуучулардын буюмдарын уурдаган шектүүлөр кармалды

Ысык-Көл облусунун Бостери айылы жана Чолпон-Ата шаарындагы пляждарда эс алуучулардын буюмдарын уурдаган топ кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ИИБсинин басма сөз кызматы билдирди.

Уурулукка шектелгендер мурда соттолгон Бишкек шаарынын 20 жаштагы тургундары К.Б., С.И., Д.И., жана Чүй облусунун 23 жаштагы тургуну Т.А. экени аныкталды.

Кармалгандардын үчөөсү үй камагына чыгарылды, ал эми бирөөсү 2 айга камакка алынды.

Шектүүлөр негизинен уюлдук телефондорду жана акча каражаттарын уурдашкан. 8 факт боюнча жалпы материалдык зыян 310 миң сомду түздү. Учурда тергөө иштери уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар