10:45, 15 августа 2023, Бишкек - 24.kg
2023-жылы январь айынан июнга чейин Кыргызстан 302,7 миллион долларга 4,8 тонна алтын экспорттоду. Бул маалыматтарды Улуттук статистика комитети жарыялады.
Ошол эле учурда, өткөн жылы ушул эле убакыт аралыгында гана алтын 609,6 миң миллион долларга жеткирилген. Ал эми январь—май айларында 1,7 тонна алтын сыртка сатылган.
Алтындын көпчүлүк бөлүгү Швейцарияга чыгарылган — 3,9 тонна алтын 250 миллион долларга сатылган. Ал эми май айындагы экспорттун көрсөткүчү 1,2 тоннаны түзгөн.
Швейцарияга сатылган алтындын баасы бир граммы 63 долларды, башкача атканда унциясы үчүн 1 миң 960,4 долларды түздү. Бул Лондон биржасындагы баалуу металлдын баасынан бираз жогору. А жакта 14-августка карата алтындын унциясы 1 миң 914,57 долларды көрсөттү.
Андан тышкары, Кыргызстан Гонконгго алтынды 31,4 миллион долларга жана БАЭге 21,2 миллионго алтын саткан.