Документке ылайык, үй-бүлөлүк жана салттуу коомдук баалуулуктарды жокко чыгаруучу, салттан тышкаркы сексуалдык мамилелерди пропагандалоочу жана ата-энесин же үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүн урматтабаган мамилени түзүүчү маалыматтар балдарга зыян келтирүүчү маалымат болуп эсептелет.
Мыйзам балдарды өз өмүрүнө кол салууга, маңзат, чылым колдонууга, алкоголдук ичимдиктерди ичүүгө, кумар оюндарын ойноого, сойкулук жана тилемчилик менен алектенүүгө түртө турган маалыматтарга тыюу салат.
Документке ылайык, мындан тышкары «укукка каршы жүрүм-турумду актоого», ошондой эле уят сөздөрдү камтыган, порнографиялык мүнөздөгү жана адамдар менен жаныбарларга ырайымсыз мамиле кылууга түртө турган маалыматтарды жайылтууга болбойт.