21:30
USD 87.86
EUR 93.94
RUB 1.00

23 жаштагы жигиттин өлүмү. Шектүүлөр кармалган видео эки жыл мурун тартылган

ИИМдин басма сөз кызматы жарыялаган Бостери айылындагы Талас облусунун 23 жаштагы тургунун өлтүрүрүүгө шектүүлөрдүн кармалган видеосу эски болуп чыкты.

Маалым болгондой, видео эки жыл мурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо учурунда тартылып, Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы тарабынан You Tube платформасына жарыяланган.

Журналисттер жана социалдык тармактардын колдонуучулары айырманы байкап калышкандан кийин ИИМдин басма сөз кызматы You Tube баракчасынан тасманы өчүрдү.

Ысык-Көл облусунун ИИБси бул боюнча комментарий берип жатып, чындап эле видеодо архивдик кадрлар колдонулганын билдирди.

«Бостери айылындагы «Золотые пески» пансионатынын жээгиндеги эс алуучунун өлүмүнө шектүүлөрдү кармоо кечинде жүргүзүлгөндүктөн, кадрлар сапатсыз болуп, жакшы көрүнбөй калган. Буга байланыштуу архивдик видео колдонулду», — деп белгиледи облустук милиция.

Эске салсак, 6-августта Бостериде «Золотые пески» пляжында 23 жаштагы Талас облусунун тургуну каза болгон. Аталган факт боюнча 8-августта Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Кийинчирээк шектүү катары 32 жаштагы Бишкектин тургуну, 29 жана 28 жаштардагы Ысык-Көл облусунун тургундары кармалган. Алар эки айга камакка алынды.

7-августта Ысык-Көл облусунун ИИБси алгачкы текшерүүдө маркумдун денесинен зордук-зомбулук менен өлтүрүүнүн изи байкалган эмес. Мындан тышкары, милиция медициналык кызматкердин айтканына таянып, жигит каза болгон күнү тилин жутуп алганын билдирген.

Окуяга Бостери айылынын тургундары жана «Золотые пески» пансионатынын кызматкерлери комментарий берип жатып, жигит алкоголдук интоксикациядан улам мерт кеткенин айтышкан. Бирок маркумдун достору жана жакындары аны сегиз баладан турган топ сабап кетишкенин кабарлашкан. Президент бул ишти өзүнүн жеке көзөмөлүнө алган.

Эң көп окулган жаңылыктар