Бостеридеги 23 жаштагы жигиттин өлүмүнө шектүү төрт жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин ишти ар тараптуу жана объективдүү териштирүү максатында, ИИМдин жана Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын тажрыйбалуу кызматкерлеринен турган атайын тергөө-ыкчам тобу түзүлгөн.
Милициянын маалыматына ылайык, маркумдун жубайы, достору, ал аймактагы коомдук коопсуздукту көзөмөл кылган кызматкерлер, ошондой эле, маркумга биринчи жардам көрсөткөн жаран суракка алынган.
Мындан тышкары, дагы 44 күбө суралып, Ысык-Көл РИИБдин ыкчам бөлүмүнө жана коомдук коопсуздук кызматына окуяга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө тапшырмалары берилген.
7-августта Талас облусунун Кара-Буура соттук-медициналык экспертиза бюросу кошумча экспертиза жүргүзгөн.
8-августта бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 122- беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
Күбө катары суралган жарандардын айрымдары жалган көрсөтмө беришкендиктен, учурда алардын аракеттерине укуктук баа берилүүдө.
Кылмышка шектүү катары мурда соттолгон Бишкек шаарынын 1991-жылы туулган тургуну, Ысык-Көл облусунун 1994 жана 1995-жылы төрөлгөн тургундары кармалып, Ысык-Көл райондук соттун чечими менен шектүү жарандар 2 айга камакка алынды.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында окуянын жагдайларын жана себептерин аныктоо боюнча тергөө амалдары уланууда.
6-августта Бостеридеги «Золотые пески» пляжында 23 жаштагы жаран каза болгон. Достору аны топ балдар сабап кетишкендигин айтышкан. Кийинчирээк Бостеринин тургундары окуя тууралуу өз жоромолдорун билдиришкен. Өлкө башчысы Садыр Жапаров бул ишти өзүнүн көзөмөлүнө алган.