Документти иштеп чыккан «Адилеттүү Орусия» партиясынын өкүлдөрү патент акысын 1200дөн 4800 рублга (12 доллардан 50 долларга чейин) жогорулатууну сунушташты. Демилге авторлорунун айтымында, бул кадам эмгек базарында орус калкын колдоого багытталган.
Расмий маалыматтар боюнча былтыр Орусияга 3,5 миллиондой мигрант иш издеп барган. Алардын 90 пайыздан ашыгын Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын жарандары түзөт.