20 миң сом пара менен Талас медициналык колледжинин директору кармалды

13:33, 10 августа 2023, Бишкек - 24.kg

Талас медициналык колледжинин директору Б.Г.А. 20 миң сом өлчөмүндөгү пара алып жаткан жеринен кармалды. Маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, шектүү Б.Г. А. жана аталган колледждин башка кызмат адамдары абитуриенттерди бюджеттик жана контракттык окууга өткөрүүдө көмөк көрсөткөндүгү үчүн системалуу түрдө мыйзамсыз акчалай сыйлык алып турушканы аныкталды.

УКМКнын басма сөз кызматы

«Кабыл алуучу комиссиянын мүчөлөрү катары абитуриенттерге алдын ала тесттик суроолордун туура жоопторун берип турушкан», — дейт УКМК.

Учурда бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо үчүн ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.